Пример HTML-страницы

Кара-Балтадагы тургундар өлүк сактоочу жайдын абалын көрсөттү. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районундагы тургундар өлүк сактоочу жайдагы баш аламандыкка жана санитардык нормалар сакталбаганына күбө болушту.

Күбөлөрдүн айтымында, бул абал райондогу жашоочулар үчүн курч маселеге айланды.

«Кызматкерлердин жоопкерчиликсиз мамилеси таң калтырат. Алар кызматы үчүн жакшы акча алышат. Бирок өлүкканада санитардык нормалар сакталган эмес — бардык жер кан жана чүпөрөктүн калдыктары», — деди тургундар.

Алар 31-январда саат 18:00дө тууганынын сөөгүн алып кетүү үчүн өлүкканага барышкан. Бардык эшиктер ачык болуп, кызматкерлер жана жетекчилер жумуш ордунда болгон эмес.

«Ал жерде 3 сөөк бар экен. Аны бирөөлөр уурдап кетсечи? Медициналык мекемедеги абалга таң калып жатабыз. Сөөктү жуудуруу жана маалымат кат алуу үчүн акча төлөдүк. Бизге дүмүрчөк беришкен жок», — деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE