Пример HTML-страницы

Караңгыда келип, жеңесине асылып… Таласта кармалган адамдын окуясы

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаардык соту жеңесине ызы-чуу салган адамга карата 2024-жылдын 26-февралында өкүм чыгарды. Turmush басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

  • Айыпталуу Аратай (аты өзгөртүлдү М.А.) Кыргыз Республикасынын жараны. Убактылуу иштебейт, Талас шаарынын тургуну. Ага Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен айып тагылган.

Аратай 2024-жылдын 25-февралында саат 20:00 чамасында Талас шаарындагы үйүнө мас болуп келип, ызы-чуу салып, жеңеси Алчагүлдү (аты өзгөртүлдү А.Р.) оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, «өлтүрөм» деп коркуткан. Үйгө милиция кызматкерлери чакырылып, алар Аратайды саат 22:40та кармашкан.

Сотто Аратай күнөөсүн мойнуна алып, соттон жеңил жаза берүүнү суранды. Ал эми жеңеси Алчагүл айыпталуучу Аратай 25-февралда саат 20:00 чамасында мас абалында үйгө келип, аны эч себепсиз сөгүп, ызы-чуу салып, тынчтык бербегендигин айтып, ага мыйзам чегинде жазасын берүүнү өтүндү. Прокурор болсо Аратайды 5 суткага камакка алуу жаза чарасын тандап берүүнү суранды.

Талас шаардык соту иштин материалдарын карап чыгып, Аратайды Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен күнөөлүү деп таап, 40 саатка коомдук иштерге тартуу жазасын берди.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE