Пример HTML-страницы

«Капчыгай» чек ара заставасында курман болгон Асатбек Арыстан уулу жерге берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Теңги айылында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда каза болгон Асатбек Арыстан уулу жерге берилди.

Райондук мамлекеттик администрациядан алынган маалыматка караганда, Асатбек 2003-жылы 29-июлда жарык дүйнөгө келген. Ал райондогу Токтогул атындагы мектепти 2021-жылы аяктаган. Катардагы жоокер Ала-Бука райондук аскер комиссариаты тарабынан 2021-жылы 17-сентябрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын №2023 Айдаркен аскер бөлүгүнө чакыртылган.

«Ал аталган аскер бөлүктүн «Капчыгай» чек ара заставасынын 2 чек ара бөлүмчөсүндө өзүнүн аскердик милдетин аткарып жатып каза болду», — деп айтылат маалыматта.

———————————-

18-сентябрда саат 22:00гө карата алынган алдын ала маалымат боюнча, чек арадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 59 адамга жетти, алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 163 адам. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

Каза болгон жарандардын алдын ала тизмеси бул шилтемеде.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.

Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.

«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салды.

18-сентябрда гана абал турукташты.

Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE