Пример HTML-страницы

Канат Керимбеков эркин күрөш боюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын тургуну Канат Керимбеков эркин күрөш боюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону болду.

Ал 2002-жылы 7-июлда Талас шаарында туулган. Шопоков шаардык №1 мектеп-гимназиясында 9-класска чейин билим алган. Андан соң, Ш.Сыдыкова атындагы Республикалык спорт колледжинде окуп, артычылык диплому менен аяктаган. Учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында 2-курстун студенти.

Атасы — Ташыбеков Асхат Керимбекович, апасы — Шекербекова Асел Тынчтыкбековна. Каарманыбыз 3 бир туугандын улуусу.

«1-класстан баштап дзюдо менен машыктым. 3-класстан баштап эркин күрөш машыга баштадым. Биринчи жолу 17 жаштагылар арасында күч сынашып, чемпион болсом, экинчисинде 20 жаштагылар арасында, үчүнчүсүндө чоңдор арасында күч сынашып, Кыргызстандын чемпиону болдум. Азия жана дүйнө чемпионаттарына катышып, 5-6-орундарга ээ болуп келдим. Машыктыруучуларым — Донбаев Нурдин Жеңишбекович жана Нусупов Нургазы Калабаевичке абдан ыраазымын. Учурда К.Изабеков атындагы эркин күрөш академиясында машыгып жатам. Жумасына 6 жолу, 1 күндө 2 маал барып машыгабыз.

Спорттон тышкары альпинизм, балык улоого кызыгам. Бош убакытта кызыктуу китептерди окуган жагат.

Мелдеште эң биринчи сыйлык эсимен кетпейт. Анда мен кичинекей болчумун. Сыйлыкка чоң шоколад менен диплом беришкен», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE