Пример HTML-страницы

Камчыбек Ташиев бир базарды «кармаган» Кенжекан Жээнбекова тууралуу айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-январда Ош облусунун Кара-Суу шаарына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келди.

Камчыбек Ташиев З.Бабур атындагы мектептин короосунда Кара-Суу районундагы базарлардын соодагерлери менен жолугушту.

Ал сөз сүйлөп жатып, УКМК тарабынан кармалган базар жетекчисине да токтолду.

«Кечээ эле Жээнбекова Кенжекан Шерматовна деген аял колго түштү. Ушул жерде бир базарды кармап турат экен. Ал жер салыгын жана башка чыгымдарды төлөгөндөн кийин контейнерлерде иштеген адамдарды коркутуп-үркүтүп, контейнерлериңерге келишимди узартпай коем, контейнериңди алып салам, тияк-пияк деп отуруп, ар бир айда 1 миң доллардан 5-6 миң долларга чейин өзүнүн чөнтөгүнө алып турат экен. Ал алган акчалардын 1 сом мамлекетке салык төлөбөйт, өзүнүн чөнтөгүнө гана алган. Туура, ал мамлекеттин бюджетине кол салган жок. Бирок силердин чөнтөгүңөргө кол салып, элдин жанын сууруп жатпайбы. Эми андайлар болбойт.

Биз учурда тергөө жүргүзүп жатабыз. Сөзсүз түрдө мыйзам чегинде жооп берет. Эч кандай «крышалар» жардам бербейт», — деди Ташиев.

——————————

Кечээ, 26-январда УКМК Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Туратали» базарынын аймагында жайгашкан базардын директору кармалганын билдирген.

Жетекчи дүң жана чекене соода менен алектенген ишкерлерден мыйзамсыз акча чогултуп жүргөн.

«Жеке ишкер Ж.К.Ш. кызмат абалын пайдаланып, ижара келишимин түзүү жана узартуу үчүн ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз түрдө 5 миңден 10 миң долларга чейин акча талап кылган. Болбосо контейнерди буза турганын айтып коркуткан. Ижарачылар соода түйүнүнөн ажырап калуудан коркуп, акча берүүгө аргасыз болушкан.

24-январдагы тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 5000 доллар которулгандан кийин Ж.К.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 135 миң 600 доллар, 1 млн 113 миң 800 сом, алтын буюмдар (сөйкө, шакек), Улуттук банктын «999» үлгүсүндөгү жалпы салмагы 1 кг болгон 10 даана алтын куйма жана 2017-жылы чыгарылган «Рейнж Ровер» унаасы табылып, алынды», — дейт УКМК.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE