Пример HTML-страницы

Кадамжайдагы ооруканада 17 адам дарыланып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТажик тараптын куралдуу кол салуусунан Кадамжай районунун Кара-Дөбө, Кожо, Лесхоз, Майдан, Калтак, Алыш айылдарына эвакуациялынган 445 тургун медициналык кароодон өткөрүлдү.

Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практикалык борборунун директору Орозбек Муратовун айтымында, алардын арасында ар кандай ооруга чалдыккандар бар. Ошондой эле Кара-Жыгач бөлүмүнө 10 жаран, төрөт бөлүмүнө 2 кош бойлуу аял, жандандыруу бөлүмүнө 2 бала, терапия бөлүмүнө 1 жаран, Марказ бөлүмүнө 2 жаран жаткырылды.

«Эвакуация болгон 445 адамга амбулатордук жардам көрсөтүп, дары-дармек менен камсыздадык. Алардын ичинен 17 жаран ооруканага жатып дарыланууда», — дейт ал.

———————————-

Акыркы маалыматтар боюнча, чек арадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 59 адамга жетти, алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 180ден ашык адам. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

Каза болгон жарандардын алдын ала тизмеси бул шилтемеде.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.

Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.

«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салды.

18-сентябрда гана абал турукташты.

Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE