Пример HTML-страницы

Кадамжайдагы айылдын мектебинин жылытуу системасы 2,2 млн сомго жаңыланды 

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Т.Тургунов атындагы орто мектебинин негизги имаратынын жылытуу системасы толук жаңыланды.

Аталган мектептин директору Абдыкаар Сүйүновдун айтымында, учурда жылытуу системасы толук кандуу иштеп жатат.

«Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн түрткү берүүчү грант аркылуу республикалык бюджеттен 1 млн 663 миң 68 сом, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 375 миң сом, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 215 миң сом сарпталды. Кышкы сезондо көйгөй жаралбастыгы үчүн окуучуларга камкордук иретинде Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтү тарабынан 48 миң сомго үзгүлтүксүз ток берүүчү аппарат алынып берилди», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE