Пример HTML-страницы

Көп кырдуу талант Кайрат Аскаров айланасындагыларды таң калтырып келет

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Кайрат Аскаров өзүнүн мукам үнү менен шаардыктардын жүрөгүнөн түнөк таап келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду

Аскаров Кайрат Аскарович 2002-жылы 20-майда Түп районунун Жылуу-Булак айылында туулган. Бала кезинен өзүнүн жагымдуу үнү менен сахналарды багынтып келген. Ал бул тармакта атайын билим алууну көксөп, Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын ырдоо бөлүмүнө тапшырган. Учурда 4-курсту аяктады.

«Негизи вокалда эч нерсени жашыра албайсың. Баары угарманга белгилүү болуп калат. Үндүн чыгышынан эле ырдап жаткан адам токпу, курсагы ачпы, уйкусу канганбы, жокпу билинет. Ушундан улам ар бир иш-чара алдында толкундоолорго карабай, жакшы эс алып уктоо керек. Үн эртең мененки саат 09:00 чамасында ачылат. Биз үндүн чыгышына, туура дем алууга, ар бир тамганы, тыбышты туура айтууга көнүгүү жасап, анан саат 11лерде ырдап баштайбыз. Күндө дем алуу көнүгүүсүн жасоо керек. Анткени вокалда туура дем алуу башкы орунда турат», — деди ал.

Ал учурда кыргыз жана орус элинин классикага айланган ырларын аткарат.

«Агайым Данил Ильязов ырларды кандай ырдаса, анын деңгээлиндей ырдагым келип, ал ырдаган ырларды аткарып келем. Үндүн бөлүнүшүнө жараша азыр менин үнүм — баритон. Дагы анын өнүктүрүүгө иштеп, машыктырып жатам», — дейт ал

Учурда Кайрат окуу жай арасында, шаарда өткөргөн ар кандай сынактарда ийгилик жаратып келет.

«Студенттик күндөрүн кызыктуу мезгилин өткөрүп жатабыз. Ар бир күндү өзгөчө, пайдалуу кылып өткөргөнгө аракет кылам. Студенттик күндөрдө мен көп досторду жана сүйүүмдү таба алдым», — деди ал.

Аскаров үй-бүлөдө 4 бир тууган, алардын баары уул. Андыктан апасына үй тиричиликтерин аткарууга жардам берип жатып, Чыгыш элинин тамактарын даярдоону мыкты өздөштүрүп алган.

«Ар бирибиз апамдын аялдык түйшүгүн жеңилдетели деп, ага жардам берип чоңойгонбуз. Анан досторума тамакты жакшы жасарымды айтсам, эч кимиси ишенчү эмес. Орозо маалында, аларды үйгө ооз ачууга чакырдым. Өзүм камыр жууруп, манты даярдай баштадым. Биринчи камырым бир аз башкача болуп жатты. Ошондо апамдын камырды целлофанга ороп, тыныктырганын эстеп калдым. Ошентип камыр да жакшы жайылып, тамак даамдуу болду. Мантыны жеген досторум ошондо гана ишеништи. Негизи манты, лагман, куурдак өңдүү Чыгыш элинин көптөгөн тамактарын даамдуу жасайм. Апам кандай жасаса, ошого окшоштуруп жасап жатып өздөштүргөм. Негизи жигитке бардык өнөр керек деп ойлойм», — деди ал.

Кайрат чыгармачылыктан тышкары спорттун, футбол, теннис түрлөрүн ойнойт. 3 жыл катары менен футболдо «Мыкты дарбазачы» наамынын ээси болгон.

«Учурда окуу жайдын да командасынын курамында ойноп, ийгиликтерди жаратып келем. Келечекте Бишкек шаарына барып, музыкалык билимимди тереңдетүүнү максат кылуудамын», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE