Пример HTML-страницы

Көк бөрү оюнунда ээнбаштыкка баргандардын видеосу тарап, талкууга жем таштады

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 21-март күнү «Нооруз—2024» көк бөрү турниринин финалдык туру Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы ипподромдо болуп өттү.

Анда кызуу кандуулукка алдырган күйөрмандар көк бөрү оюнун өздөрүнө ыңгайлуу жерде көрүү үчүн бир топ ээнбаштыктарга барганын байкоого болот.

Социалдык тармактарга тараган кадрларда күйөрмандар көк бөрү оюнун көрүү үчүн катар тизилген био-дааратканалардын үстүнө чыгып барышканы көпчүлүктүн талкуусуна жем таштады.

Мындан сырткары, белгисиз жигит сахнанын конструкциясына чыгып кеткенин, милиция кызматкери анын аракетин токтотууга аракет кылганын, андан кийин жигит жерге түшүп, качып кеткенин көрүүгө болот.

—————-

«Нооруз—2024» көк бөрү турниринин финалдык туру жаңы курула турган ат майданда өттү.

Аймактык кабарчы жеринде билдиргендей, республиканын булуң-бурчунан күйөрмандар келип, Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун жээги автоунааларга толду.

Ат майданда миңден ашык көрүүчү болду. Ал жерге президент Садыр Жапаров дагы келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE