Пример HTML-страницы

Күрөш менен машыккан Адилет чет тилдерине кызыгат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын 17 жаштагы тургуну Адилет Табылдиев мектепке киргенден бери күрөш боюнча машыгып, мелдештерге катышып келет. Аймактык кабарчы жаш спортчу менен маек куруп, жакындан таанышты.

«Мен 1-класстан баштап эле спорт менен таттуу мамиледемин. Спорттун кыргыз күрөш түрү менен машыкчубуз. Кийин эркин күрөшкө өттүк. Жума сайын спорт залга барып машыгыбыз. Башында агаларымды ээрчип, машыгуу залына барып жатып эле спортто калып калдым. Келечектеги чемпиондорго бардык шарт түзүлсө жана бала өзү көңүлдөнсө эле ийгиликтер болот деп ойлойм. Спорттогу эң алгачкы ийгилигим тууралуу айтсам, 2020-жылы облустук турнирде 3-орун, райондук турнирде 1-орунду алдык. Республикалык сынактарга барып жүрдүм, бирок орундарга жетише албай калдык. Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбековдой чемпион болуп, Кыргызстандын желегин бийик көтөргүм келет. Спорттон сырткары чет тилдерине жакынмын. Мени дайыма ата-энем, мугалимдер колдойт. Бизге убакыт бөлүп беришет.

Мелдештерде жогорку көрсөткүчкө жана жеңишке жетүү максатын көздөйбүз. Бирок баары бир каалайбызбы, каалабайбызбы бирөө утат. Жеңилүүгө да моюн сунушубуз керек. Кудай буюрса, алдыда жакшы көрсөткүчтөргө жетем деп ишенем.

Спорт менен дайыма машыксаң, ден соолук чыңдалып, бош убакытты максаттуу пайдаланасың. Спорттун бул түрү чечкиндүүлүк, туруктуулук, тартиптүүлүк, жеңишке умтула билүү жана башка баалуу сапаттарды өнүктүрөрүнө көзүм жетти», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE