Пример HTML-страницы

Гүлчө айыл өкмөтүндө 11-классты 183 окуучу аяктады (сүрөт, видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 25-майда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүндө мектеп окуучуларынын бүтүрүү кечеси өттү.

Гүлчө айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча, салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы окуучуларга ардак грамоталар тапшырылды. Иш-чарага мектепти 10 жыл, 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр дагы катышты.

Айыл өкмөт башчысы Сүйөр Исаев окуучуларды акыркы коңгуроо салтанаты менен куттуктап, бул күн бүтүрүүчүлөр үчүн маанилүү экенин белгиледи.

«Бүтүрүүчүлөр үчүн мектеп менен коштошуу жана жашоодогу жаңы баскычка кадам таштаган эсте каларлык маанилүү күн. Мугалим бул — мөмөлүү дарак демекчи 11 жыл бою мектеп турмушунда бүгүнкү бүтүрүүчүлөргө таалим-тарбия бердиңиздер. Урматтуу бүтүрүүчүлөр, алдыда ошол алган билимиңиздерди туура пайдаланып, ата-энеңиздердин көптөн күткөн үмүтүн актаган, татыктуу инсан болушуңуздарды каалайм. Кесипти тандоо — келечекти тандоо демекчи, баарыңыздарды туура кесипке багыт алууга чакырам. Өлкөбүздүн келечеги сиздердин колуңуздарда», — деди Исаев.

Айыл өкмөт башчы Т.Отунчуев атындагы мектеп-гимназиясындагы бүтүрүү кечесине катышты.

Быйылкы жылы Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерден жалпы 11-классты 183 окуучу, 9-классты 314 окуучу бүтүрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE