Пример HTML-страницы

«Это не шутки»: Ак-Талаадагы кош-дөбөлүктөр «негизги байлыгын» көрсөтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын жашоочулары айдоо аянттарынын тартыш экенин, айылдагы 1 миң түтүн элге 1400 гектар жер гана барбыгын, калганы сугат суусу жетпеген кайракы жерлер экенин, кошумча жер аянттарын өздөштүрүү зарылчылыгы келип чыккандыгын жана ирригациялык объектилердин эскилиги жетип калгандыгын айтып, нааразычылыгын билдиришти.

Айылдын ардагери, коомдук ишмер Манас Насиров ирригациялык объектилерди куруу менен кошумча 3 миң гектар жаңы жерди өздөштүрүүгө болорун айтты.

«Калктын санынын өсүшү максималдуу чегине жетип калды. 1 миң түтүн элдин пайдаланганы болгону 1 400 гектар жер. Калганы сугат суусу баспаган кайрак жерлер. Айылдын күн чыгыш тарабында 3 миң гектар жер жөн эле жатат. Ары-бери жагын кошсо, 5 миң гектарга жетет. Айылга жаштардын отурукташып калуусу, айылдын өнүгүшү үчүн айдоо аянтарын көбөйтүш керек. Жаныбызда күркүрөп аккан Ала-Буга дарыясы бар. Ал үчүн ирригациялык объектилерди куруу зарыл. 3 миң гектар жер — «это не шутки». Биз өздөштүрүп алууга чама-чаркыбыз чак келбейт», — деди М.Насиров.

Мындан тышкары, ал 350 гектар аянтка сугат суусу жетпей жаткандыгын жана бир суу сактагыч оңдоого муктаж экендигин айтты.

«Илгери ата-бабаларыбыз мүйүз менен казып чыккан Кызыл-Арык деген каналыбыз бар. Ал канал аркылуу 360 гектар аянт сугат суусу менен камсыз болот. Бүгүнкү күндө ал каналыбыз аварияга учурап, суу келбей калган. Мындан тышкары, Ой-Беде чөлкөмүндө жалпы 2 гектардай аянтты ээлеп турган, союз учурунда курулган убактылуу суу сактагычыбыз бар. Алдындагы клёнкасы тешилип калганбы, айтор бир аз гана суу толуп, калганы жок болуп кетет. Ошол суу сактагыч оңдоого берилсе, бери дегенде 300 гектар аянтка сугат суусу жетиштүү деңгээлде жетмек», — деди коомдук ишмер Насиров.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE