Пример HTML-страницы

Эртең менен Кара-Балтада жеңил унаа кырсыкка кабылган. Жолду тейлеген ишканага 35 000 сом айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 15-мартта эртең менен Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүндө жол-транспорт кырсыгы катталды.

Күбөлөрдүн айтымында, «Мазда 323» үлгүсүндөгү унаа башкаруусун жоготуп, арыкка кирип кеткен. Айдоочу Шопоков көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй бара жаткан. Кожомбердиев көчөсү менен кесилишкен жерде бурулуп, арыкка кирип кеткен.

Жабыркагандар жок.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери аталган жолду тейлеген «Универсал» муниципалдык ишканасына жолго инерттик материал себилбегени үчүн Укук бузуулар кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 35 000 сом айып пул салды.

178-берене. Автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн жана башка жол курулмаларын күтүү эрежелерин бузуу

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жабыр тарткан жактын саламаттыгына жеңил зыян келтирүү, транспорт каражатын, жүктөрдү, жолдорду, жолдогу жана башка курулмаларды же башка мүлктү бузуу менен жол-транспорт кырсыгына алып келген аракет — жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE