Пример HTML-страницы

Turmush: Новопавловкадагы таштанды төгүүчү жайдан кара түтүн чыгып жатат,

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагындагы тургундар таштанды жайдан чыккан кара түтүн боюнча нааразы болушууда.

«Бул таштанды жай Тынчтык, Арал, Ата-Журт конуштарынын тушунда жайгашкан. Анын уюшулганына беш-алты жыл болду. Ошондон бери түтөп келет. Жыл өткөн сайын түтүнү күчөп бара жатат. Айыл эли эмне гана көргөн жок. Бийлик тараптан эч аракет көрүлгөн жок», — деди алар.

Видео 28-август күнү тартылган.

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы таштанды жайды белгисиз балдар өрттөп коюшканын билдирди.

«Жаш балдар өрттөп коюшкан экен. Ал жер өчүрүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE