Пример HTML-страницы

Караколдогу мобилдүү клиника элдин ден соолугун текшерди

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын аймагында 10-24-май күндөрү мобилдүү клиника иш алып барды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын дарыгерлери шаардын ар аймагында тургундарга медициналык кароо жүргүздү.

«Сарык оорусунун түрлөрүн, гепатит В, гепатит С илдетин аныктап жатабыз. Ошондой эле ВИЧ, сифилис сыяктуу жугуштуу ооруларды экспресс-тест менен аныктайбыз. Аны менен катар дарыгерлер УЗИ менен ички органдарды көрүп, кеңештерин берүүдө», — деди мобилдүү клиниканын координатору Айсулуу Надырбекова.

Аталган клиника 6 жылдан бери кызмат кылат. Караколдон кийин ал райондорго жөнөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE