Пример HTML-страницы

Баткендиктердин миллиондогон акчаларга бааланган байлыктары сатылган базар (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунда эгилген күрүчтөрдү жапырт курт жей баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Жергиликтүү дыйкандардын айтымында, эрте жазда себилген күрүч дан байлап, август айынын баштарына бышуусу күтүлсө, кечирээк эгилгендери 10 см чейин өсүп, суу бетине чыгып калган.

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Галча айылынын тургуну Данияр Шамшиев быйыл жер семирткичке болгон баа 1 кг 45-65 сомго чейин кымбаттаганы дыйкандардын чөнтөгүнө оор келип, күрүчтүн түшүмдүү болушуна кедергисин тийгизип жатканын айтты.

«Күрүч өсүмдүгү сууну жана жер семирткичти эң көп талап кылган өсүмдүк. Жада калса себилген дан уругунун ар бир күнүн эсептеп, ошого жараша жер семирткич чачасың. Жер семирткич кымбат болгондуктан өсүмдүктү учурунда керектүү азыгы менен камсыз кылуу кыйынчылык туудурууда.

Күрүчтүн кабыгы арчыла элек абалын шалы дейбиз. Түйшүгү абдан оор. Ошол шалыны эрте жазда эгип, күн ысыкка калтырбай жыйнап алыш керек. Же кечирээк эгип, жыйноо мезгилин күзгү суук түшүп калган учурга туштоо зарыл. Анткени шалы бышып жетилип калганда, күндүн ысыгынан ар кандай оорулар жабышып, ысык аптаптан шалы данына зыян жетет. Керек болсо 5-10 гектар жердеги шалыга 1 түндө оору жабышып, түшүмсүз калтыруусу мүмкүн. Муну дыйкандар түшүнөт жана алдын алып, эрте же кечирээк эгүүнү пландайбыз. Ушул күндөрдө мурда-кийин көрбөгөн түшүнүксүз курттар пайда болду. Шалынын жалбырагын кыркып жеп жатат», — деди ал.

Ал эми Баткен облусунда эң чоң күрүч базары – Кадамжай районунун Ак-Турпак аймагындагы «Торговой» соода борбору. Жумасына 1 жолу шаршемби күнү базар болуп, бир базарда дүңүнөн 200 тоннага чейин күрүч сатылат. Негизинен күрүчтөр Россия жана Өзбекстанга жөнөтүлөт. Учурда лазер, андижан, взрос, алаңга жана девзире деген күрүч сорттору сатыкка чыгып, 1 кг күрүч сортуна карап 95 сомдон 250 сомго чейин сатылууда.

  • Орто эсеп менен базардагы күнүмдүк сатылган күрүчтүн баасы 19 млн сомдон 50 млн сомго чейин жетиши мүмкүн.

Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Элчибек Абдуганиевдин маалыматына караганда, Баткен облусу боюнча жалпы 3708 гектар жерден күрүч өндүрүлөт. Кадамжай району 3110 гектар, Лейлек району 338 гектар, Баткен району 260 гектар жерге күрүч өстүрөт.

Дыйкандардын буга чейинки көйгөйлөрү:

Май айынын аягында Баткен облусунда күрүч эгүү жылдагыга салыштырмалуу кечеңдеп жатканы айтылган.

Кадамжай районунун Ак-Турпак айылындагы дыйкан Уланбек Кожоевдин айтымында, жаз мезгили жамгырлуу болгонуна байланыштуу аба ырайы суук келип, себилген шалынын жерден чыгуусу кыйыныраак болуп жатат.

«Жылда бул мезгилде шалы дээрлик эгилип бүтүп, бир топ өсүп калат. Быйыл дыйкандардын 40 пайыздан ашыгы урук себе элек», — деген ал.

Уланбек Кожоев 3 гектар жерге күрүч эгип, бир гектарынан орточо 4 тоннадан ашык түшүм алат.

Тактама:

2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Турпак айыл өкмөтү «Кыргызстандагы мыкты айыл өкмөт» наамын алган. Ак-Турпак Баткен облусундагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири болуп эсептелет.

Элдеги уламыштарга караганда, айылдын аталышы топурактын өңүнө байланыштуу. Айылдын аксакалы Турдали Алдаевдин айтымында, мурда бул жерде эч нерсе өспөгөн, шор баскан, ак топурактуу жер болгон. Кийин жартыбаш уруусу келип, жерди өздөштүрүү менен айыл кылып жашап калышкан. Элет облустун борборунан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылдыктар негизинен дыйканчылык, багбанчылык менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE