Пример HTML-страницы

Эмне себептен көзгө эт өсүп кетет?

Акыркы жанылыктар

TurmushАкыркы мезгилдерде көз ооруларына чалдыккандар көбөйүп жатат. Нарын облусундагы офтальмолог Айнура Асанова эмне себептен адамдын көзүнө эт өсүп кете турганын айтып берди.

Анын айтымында, көзгө эт өсүү адамдын жеген тамак-ашына дагы байланыштуу болот.

«Көзгө эт өсүп кетүү биздин өлкөгө гана тааныш эмес. Борбордук Азияда бул көп кездешчү дарт. Адамдар көздү көп ушалашат, азыр аллергиянын түрү көп болуп калды. Азык-түлүк сиңимсиз болгондуктун анын кесепети боор аркылуу көзгө дагы тиет. Мен бейтаптарга сунуштайм, бетти кандай жуусак, көздү дагы өз алдынча жуушубуз керек. Көз табигый көз жашы менен агып, нымдалып турат.

Эт өскөндөн операция ыкмасы менен дарыланганда деле кайра өсүп калат. Табигатты биз өзгөртө албайбыз. Кээ бирөөлөрдүкү операция ыкмасы менен токтоп, өспөй калат. Башталгыч баскычтарда көздү таза кармап, жеген тамакка маани берсе, боордун кубаты көзгө таасир берет. Азыр бизге жаштар «бир нерсе сайгылашып, жаш агып жатат» деп кайрылып калышат. Бул жакшы белги, себеби ооруну алдын алып, убагында келип, көздүн баркын билишет», — дейт дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE