Пример HTML-страницы

Эмне үчүн 4 кабаттуу үйлөрдүн курулушу аягына чыккан эмес?

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл энергетиктер, гидрокуруучулардын шаары аталган Кара-Көл шаарынын түзүлгөнүнө 60 жыл толду. Turmush басылмасынын кабарчысы шаардын курулушуна салым кошкон инсандар жана алар күбө болгон кызыктуу окуялар тууралуу маалымат даярдады.

Маалымат топтомуна шаардын негизделиши, ГЭСтердин курулушу, гидрокуруучулардын өмүр баяны, шаардын тарыхын жараткан окуялар, эскерүүлөр жана архивдик сүрөттөр камтылган.

Кара-Көл шаарында курулган үйлөр:

Кара-Көл шаарында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын №718 аскер бөлүгү жайгашкан. Ал Кыргызстандагы, тактап айтканда Токтогул ГЭС каскады, Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2, Үч-Коргон ГЭС, Таш-Көмүр ГЭС жана Шамалды-Сай ГЭСтеринин аймактарындагы маанилүү стратегиялык объекттерди коргогон жалгыз аскер бөлүгү болуп саналат.

Кара-Көл шаарынын архивдеги сүрөттөрү:

Бул жолу гидрокуруучу, шаардын ардактуу атуулу — 70 жаштагы Култемир Аскаров шаардагы убактылуу схема менен курулган жыгач үйлөрдүн ордуна жаңы үйлөр эмне себептен курулбай калганы туралуу айтып берди.

  • Култемир Аскаров 1952-жылы 1-мартта Токтогул районунун Жазы-Кечүү айылында төрөлгөн.

Анын айтымында, союз кезиндеги убактылуу схема менен курулган жыгач үйлөр көптөгөн кыйынчылыктарды жаратканы элге да, жогорудагы бийликтегилерге да белгилүү болгон.

«1968-жылы Кара-Көлгө келдим. Ал кезде Токтогул ГЭСнин курулушу бүткүл союздук комсомолдук алдыңкы курулуш болуп эсептелип, дүңгүрөп жаткан. Жаштар абдан көп эле. СССРдин бардык республикасынын өкүлдөрү жана Кубадан, Вьетнамдан да жаштар көп келген. Ошол кезде ГЭСтин плотинасы турган жердин жогору жагы, ылдыйы тосулуу, ортосу абдан чукур эле. Плотинанын ордун тазалоо, эки жагындагы тоолордон таштарды тазалоо, бетонун куюга даярдык көрүү көрүү иштери абдан кызуу жүрүп жаткан кез. Курулуштагы кыйынчылыктарга карабай, иштеп жаткан жаштардын эргүүсү күч эле. Азыркыдай ыңгайлуу автобустар же автоунаалар менен эмес, кышы-жайы «МАЗдар» менен каттап иштечүбүз. Тамак-аш жагынан көйгөй жок. Москвадан камсыздоо болуп, арзан жана кенен эле. Жаштардын көбү азыркы 7-аянтчада (Седьмой) турган 2, 4 кабаттуу жатаканаларда жашайт. ГЭСтеги көптөгөн кара жумуштар ишембилик учурунда эле бүтүп калчу.

Ошол кезде шаардагы 7-аянчадагы жыгач үйлөр курулуп бүткөн. Бул үйлөр убактылуу схема менен курулган эле. Орусча айтканда «Что временно то постоянно» болуп, ушул убакка чейин кала берип, көптөгөн кыйынчылыктарды туудуруп жатканы элге жана бийликтегилерге да белгилүү.

Шаардын Пойма кичи районундагы үйлөр 1966-жылдардан кийин бүткөн ГЭСти иштетүүчүлөр үчүн курулган үйлөр. Ал убакта кыштак (поселек) эле. Парткомдун катчысы Абдырахманов, поссоветтин төрагасы Кошбай Масиров иштеп турган. Абдырахмановдон кийин Исанов, анан Чынгышев парткомдун катчысы болуп иштеди. Чынгышев 1977-жылы июнда Кара-Көл шаар макамын алганда кызматка келди. Анда Шаардык аткаруу комитетинин төрайымы болуп Абдысаматова келген эле. Кыштак убагында шаар тургундарына жеке менчик үй куруу үчүн жерлер берилбей келген экен. 1978-жылы Абдысаматованын жетекчилиги менен бул маселе чечилип, жаздан баштап шаардын айланасындагы айылдарда жеке менчик үй курууга жерлер бериле баштаган», — деди ал.

Култемир Аскаров шаардагы барак тибиндеги убактылуу үйлөрдүн ордуна эмне себептен жаңы көп кабаттуу үйлөр толук курулуп бүтпөй калганынын себебин айттып берди.

«Азыркы мэриянын, институттун имараттары 1980-жылдары курулган. Шаардагы турак жайлардын көпчүлүгү жыгач үйлөр болгондуктан 1982-1983-жылдары барак үйлөрдү жок кылуу программасы менен Ленин көчөсүндөгү жаңы үйлөрдү куруу башталган. Бул үйлөрдү курууда СССРдин Жогорку советинин депутаты Мамасалы Сабировдун салымы чоң. Анткени ал биз түзүп берген план менен кайра-кайра Москвага барып жатып, үйлөрдү куруу үчүн каражат бөлдүрүп келген. План боюнча азыркы Ленин, Масиров жана Сабиров көчөлөрүнүн кесилишин камтыган үч бурчтукта толук 4 кабаттуу жаңы үйлөр курулуп бүтүрүшү керек эле. Бирок ошол кездеги шаардык комитеттин биринчи катчысы Козубеков менен «Нарынгидроэнергокурулуштун» башчысы Хуриевдин убагында тил табыша албай калышып, үйлөр толук курулуп бүтпөй калды. Бул үчүн алар өз убагында партиялык жазаларын алышкан.

Партиялык комитетте көп жыл иштеп, Усубалиев, Масалиев, Аманбаевдер өңдүү инсандар менен иштешип калдым. Алар жөнөкөй эле. Азыркыдай коштоосу жок, көчө тостурбай, көчө шыпыртпай, жылкы сойдурбай, жөн эле келип кетишчү», — деди ал.

Маалыматты толугу менен окуу үчүн Turmush басылмасына катталыңыз.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE