Пример HTML-страницы

Эмилжан ата 40 жыл кен байлык чыккан комбинатта иштесе, Медеткан апа 40 жыл мугалим болгон

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жубайлар» рубрикабыздын кезектеги каармандары — Кемин районунун Чоӊ-Кемин айыл өкмөтүнүн тургундары Эмилжан Ибраев менен Медеткан Каратаева.

Жубайлар 1960-жылы баш кошушкан.

«Мен 1937-жылы жай мезгилинде Чоӊ-Кемин айылында төрөлгөн экенмин. 1955-жылы Карл Маркс атындагы мектептин 10-классын аяктап, ошол эле жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тоо-кен факультетине тапшыргам. Ана 1960-жылы бүтүп, жубайым менен баш коштум.

Байбичем Медеткан Каратаев В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда окуган. Ал дагы окуу жайды 1960-жылы аяктаган. Экөөбүз 1956-жылы тааныштык. Турсун Тармалова деген классташ кызым бар болчу. Экөө тайпалаш экен. Ошол классташ кызым аркылуу таанышканбыз», — деди ал.

Жубайлар окууну бүткөн соӊ, Кемин районунун Ак-Түз айылына келип иштеп калышкан.

«Мен Ак-Түздөгү кен чыгарган комбинатта мастер болуп иштеп, андан кийин техникалык бөлүмдүн жетекчилик кызматына чейин көтөрүлдүм. Баш-аягы 40 жылдай иштедим окшойт. Кемпирим Ак-Түз орто мектебинде физика сабагынан сабак берди. Ал дагы 40 жыл эмгектенген соӊ, ардактуу эс алууга чыкты. Мен үзүрлүү эмгектин арты менен бир топ орден, медалдар менен сыйланып, учурда персоналдык пенсионермин.

Комбинатта жумуш токточу эмес. Талап күчтүү болчу. Анда Д.Менделеевдин 18-20 элементи чыгарылчу. Дүйнө жүзүндө сейрек кездешчү элементтер чыгып, уникалдуу кен-байлыкка ээ болчу.

Ошентип 1998-жылы пенсияга чыгып, туулуп-өскөн айылыбызга көчүп келип, чарба менен алек болуп калдык.

Медеткан экөөбүз бактылуу өмүр сүрүп, 1 кыз, 4 уул, 14 небере, 4 чөбөрөлүү болдук. Балдардын үчөө инженер, бири дарыгер, бири географ. Турмуш жаман эмес, бала-бакыра чоӊоюп, өз оокаттарын кылып жүрүшөт», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE