Turmush — Чүй облусунун Жайыл районунда 12 айыл өкмөт бар. Аймактык кабарчы айыл өкмөт башчыларынын тизмесин топтоду.
Райондо эӊ жаш айыл өкмөт башчы 34 жашта болсо, эӊ улуусу 63 жашта. Жетекчилер арасында бир аял бар.
1. Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Женбаева Несип Елибаевна, 1960-жылы 9-январда Казакстанда туулган (63 жашта). Бул кызматта 2009-жылдын 24-декабрынан бери иштеп келет.
Несип Женбаева
2. Красновосток айыл өкмөт башчысы Сүйүналиев Сартбай Жапарович, 1965-жылы Панфилов районунун Кум-Арык айылында туулган (58 жашта). Бул кызматта 2022-жылдын март айынан бери иштеп келет.
Сүйүналиев Сартбай
3. Кызыл-Дыйкан айыл өкмөт башчысы Токчулуков Мидин Аскербекович, 1971-жылы 15-мартта Панфилов районунун Киров айылында туулган (52 жашта). Бул кызматта 2023-жылдын май айынан бери иштеп келет.
Мидин Токчулуков
4. Талды-Булак айыл өкмөт башчысы Баков Айбек Калыгулович, 1972-жылы ноябрда Жаӊы-Жол районунун Кашка-Суу айылында туулган (51 жашта). Бул кызматта 2023-жылдын март айынан бери иштеп келет.
5. Сосновка айыл өкмөт башчысы Сырдыбаев Урмат Кулматович, 1981-жылы 14-январда Сосновка айылында туулган (42 жашта). Бул кызматта 2017-жылдын апрель айынан бери иштеп келет.
Урмат Сырдыбаев
6. Степнинский айыл өкмөт башчысы Манапов Азизбек Кубанычбекович, 1981-жылы августта Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында туулган (42 жашта). Бул кызматта 2022-жылдын август айынан бери иштеп келет.
Азизбек Манапов
7. Сары-Булак айыл өкмөт башчысы Адеков Урмат Калыбекович, 1983-жылдын 27-январында Жайыл районунун Ийри-Суу айылында туулган (40 жашта). Бул кызматта 2023-жылдын 22-февралынан бери иштеп келет.
8. Суусамыр айыл өкмөт башчысы Сейткулов Максат Надырович, 1984-жылы 18-ноябрда Суусамыр айылында туулган (39 жашта). Бул кызматта 2021-жылдын июнь айынан бери иштеп келет.
Максат Сейткулов
9. Жайыл айыл өкмөт башчысы Кокоев Марат Жолдошбекович, 1986-жылы 12-майда Жайыл айылында туулган (37 жашта). Бул кызматта 2021-жылдын 17-июнунан бери иштеп келет.
10. Сары-Коо айыл өкмөт башчысы Кунтубаев Рахат Эсенбекович, 1987-жылы 21-сентябрда Кара-Балта шаарында туулган (36 жашта). Бул кызматта 2021-жылдын июнунан бери иштеп келет.
Рахат Кунтубаев
11. Полтавка айыл өкмөт башчы Азаматов Калыс Болотбекович, 1989-жылы 20-июлда Жайыл районунун Орто-Суу айылында туулган (34 жашта). Бул кызматта 2021-жылдын июнь айынан бери иштеп келет.
Калыс Азаматов
12. Ак-Башат айыл өкмөт башчысынын милдетин Анарбек Абелдеев аткарып жатат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.