Пример HTML-страницы

Чек арада баатырларча курман болгон Улан Мусаевдин ысымы өзү жашаган көчөгө ыйгарылды

Акыркы жанылыктар

Turmush2021-жылы Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунда мекенин коргоп курман болгон Улан Мусаевдин ысымы Баткен шаарында өзү жашаган көчөгө ыйгарылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Улан Мусаев 2021-жылы апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта баатырларча курман болгон. Көчөгө анын ысымын ыйгаруу аземине Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурханов баштаган жергиликтүү жетекчилер, маркумдун жакындары, айылдаштары, достору, кесиптештери катышты.

Улан Мусаев 1991-жылы Баткен шаарында төрөлгөн. Анын артында жубайы жана 2 кызы калды.

Буга чейин Баткен шаарында 5 көчөнүн аталышы өзгөртүлгөнү кабарлаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE