Пример HTML-страницы

Чаткалдагы кар. Алыскы Ак-Таш айылында жол жабылып, электр жарыгы өчтү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧаткал районуна караштуу Ак-Таш айылында 15-февралдан бери 1 метр 40 сантиметр кар жаады. Ал эми кыш мезгилинен берки кардын калыңдыгын кошкондо 2 метр 40 сантиметрге жеткенин жергиликтүүлөр аймактык кабарчыга билдиришти.

Жашоочулардын айтымында, учурда айылда кар жаап жатат.

«Бүгүн эле айылдын балдары биригип, кардын калыңдыгын атайын өлчөдүк. 2 метр 40 сантиметр чыкты. Бул кар жаап, кайра басаңдап калгандагы өлчөмү десек болот. Биздин айыл башка бир да айыл менен байланышпайт. Бир гана район менен байланыштырчу жолубуз 15-февралдан бери жабык турат. Кар көчкү бар. Айылдын ички жолу сүрүлгөн, айылдагы ФАП иштеп жатат. Бүгүн өчкөн электр жарыгы кечинде берилет деп жатышат», — дешет айылдыктар.

Айылдын жаштары жардамга муктаж жарандардын короосун, үйүнүн чатырын кардан тазалоого жардам берип жатышат.

Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаевдин маалыматы боюнча, Ак-Таш айылына барчу Красная Горка—Ак-Таш жолу 15-февралда анын буйругу менен жабылган. Бул жолдо кар көчкү кооптуулугу бар.

«Жалал-Абад электр тармактары» мекемеси Ак-Таш айылындагы электр монтерлор текшерүү жумуштарын жүргүзүп жатканын, кошумча бригада Ак-Ташка баруучу жолдо тынбай кар көчкү түшүп, кооптуулук жаралгандыктан өтө албай жатканын маалымдады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE