Пример HTML-страницы

Чачтан тарткан карыя, жаңжалдашкан аялдар… Талкуу жараткан видеогу чатактын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushСоциалдык тармактарга бири-бири менен жаңжалдашкан аялдардын видеосу тарап, ар кандай пикирлерди жаратты.

Видео Жалал-Абаддагы райондордун биринде тартылган. Анда кыйкырып жаткан аялдарды жана жаш келинди чачынан тартып жаткан карыяны көрүүгө болот.

Эскертүү! Эмоционалдуу адамдар видеону көрүүгө болбойт.

Милициянын маалыматына караганда, Ноокен РИИБге Бүргөндү айыл аймагынын 1979-жылы туулган тургуну М.Н. арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 1-август күнү үйүнө 1970-жылы туулган кайын эжеси А.Д. келип: «Үйдү бошотуп кой, бул үйдө иним каза болгондон кийин сага орун жок» деп ызы-чуу салып, аны темир менен бир нече жолу уруп, ден соолугуна залал келтиргенин билдирген.

Арыз Ноокен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Арыз ээсинин денесинен алган жараатын аныктоо үчүн ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, М.Н. саламаттыктын кыска убакытка бузулушуна же эмгекке жарамдуулугун утурумдук жоготууга алып келбеген жеӊил дене жараат алгандыгы такталган.

М.Н. денесинен жеӊил жараат алгандыктан, анын арызы боюнча текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгында 23.08.2023-жылы кылмыш иш козгоодон баш тартылып, А.Д.нын кыймыл-аракетине карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык чара көрүү маселесин чечүү үчүн материалдар тиешелүү кызматкерлерге жиберилген.

Мындан тышкары, Ноокен РИИБге Бүргөндү айыл аймагынын 2001-жылы туулган тургуну С.Н. арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 16-август күнү үйүндө атасынын эжеси А.Д. эч себепсиз жаңжал салып, жашы жете элек кызы колунда турган учурда мойнунан муунтуп, бетине жана башына уруп, денесине жараат келтиргендигин билдирген.

Бул окуя Ноокен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Окуя боюнча арыздануучу С.Н.нын денесине келтирилген жарааттарынын мүнөзүн аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок С.Н. экспертизалык изилдөөлөрдөн өткөн эмес. Мындан улам окуянын жоосунунда кылмыштын белгилери аныкталбагандыктан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин (кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар) негизинде кылмыш иш козгоодон баш тартылып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык же болбосо коомдук алдын алуу борборунда талкуулап кароо үчүн токтомдун көчүрмөсү тиешелүү кызматкерлерге жиберилген.

Ошондой эле, 2023-жылдын 16-август күнү саат 18:13 чамасында 1970-жылы туулган А.Д. денесинен жараат алып, Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө келип түшкөн. Ал ошол эле күнү Ноокен РИИБге арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 16-август күнү саат 15:00 чамасында Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагындагы апасынын үйүндө каза болуп калган бир тууган инисинин жубайы жана 3 кызы уруп, ден соолугуна зыян келтиришкенин көрсөткөн.

Жогорудагы маалыматтар Ноокен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, А.Д. саламаттыгынын кыска убакытка бузулуусуна же эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготууга алып келген жеңил дене жараат алганы аныкталган.

Бул окуяда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиин 136-беренесинде (ден соолукка жеңил залал келтирүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери байкалгандыктан, Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Бүгүнкү күндө окуяны ар тараптуу текшерип, туура юридикалык баа берүү үчүн тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE