Пример HTML-страницы

Чүйдөгү айылдардын биринде белгисиз жаныбар пайда болду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Воронцовка айылында белгисиз жаныбар пайда болуп, жергиликтүү тургундарды чочутту.

«Түндө айылда жолдун жанында карышкырга окшош белгисиз жаныбар чуркап жүргөн. Биз унаа менен өтүп баратып, ага фараларды каратып жарыктандырдык. Ал коркуп, качып жөнөдү. Менимче ит минтип жүрбөйт. Сыртынан караганда, итке караганда карышкырга көбүрөөк окшош экен», — деди күбөлөрдүн бири.

Воронцовка айылынын тургундары да бул жаныбарга караңгыда бир нече жолу жолугуп, тынчсызданууну жараткан. «Бул кандай жаныбар? Ал адамдарга канчалык кооптуу болушу мүмкүн?», — деп сурашты.

Айылда пайда болгон жаныбар тууралуу Чүй-Бишкек мергенчилер жана балыкчылар коомунун кинологу Андрей Бушуев мындай дейт: «Видеодогу жаныбар чөө. Муну тышкы морфологиялык белгилери менен аныктоого болот. Ачкачылык аны айылга айдап келди. Эрте жазда талаада, тоодо пайда жок. Эл үчүн конуштагы жапайы жаныбар коркунучтуу. Анткени ал инфекциянын булагы жана кутурма сыяктуу адамдар үчүн өтө коркунучтуу оорулардын алып жүрүүчүсү болушу мүмкүн. Ошондой эле ар кандай үй жаныбарына кол салат».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE