Пример HTML-страницы

Чүйдүн тургуну сабалгандан кийин бир көзү көрбөй калган. Шектүү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй районунда денеге оор зыян келтирген жаран кармалды, деп билдирди Чүй ОИИББ.

Чүй РИИБге 1993-жылы туулган Д.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, А.И. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Арыздануучунун айтымында, ноябрь айында Мээнеткеч айылында А.И. аны себепсиз сабаган. Анын кесепетинен сол көзү көрбөй калган жана денесине оор залал келтирилген.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (денеге оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Бүгүн, 3-декабрда Чүй РИИБдин кызматкерлери 1993-жылы туулган А.И.ни кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишти.

Тергөө уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE