Пример HTML-страницы

Чүйдүн суу сактагычтарында кандай жандыктар пайда болду? Аны көргөн балыкчылар таң калып жатканын айтышууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунун суу сактагычтарында белгисиз жандыктын саны көбөйдү.

Бул кичинекей балыктар балык өстүрүүчүлөр жана балык кармоочулар үчүн чоң көйгөй болушу мүмкүн.

Балыкчы Николай Радченконун айтымында, бул балыктар көп кармала баштаган. «Аны биринчи жолу кармаганда, эч нерсе түшүнбөй, таң калып калдым. Балык такыр башкача көрүнүшкө ээ: узундугу 4 сантиметр. Балык оозунан чоңураак кайырмакка дагы түшүп жатат. Бул кандай балык жана бул түр биздин суу сактагычтардагы башка балыктар үчүн канчалык коркунучтуу болушу мүмкүн?», — деп суроо салды ал.

Биолог Ирина Стежконун айтымында, бул элеотрис. «Элеотристин кичи мекени — Кытайдын көлмөлөрү. Элеотрис Кыргызстанга XX кылымдын 70-жылдарында Өзбекстандын балык чарбаларынан балыктарды ташып бара жатканда кокустан алынып келсе керек. Учурда балыкчылардын маалыматына караганда, бул түр Жайыл районунун көлмөлөрүндө жана башка суу объектилеринде көбөйүүдө. Элеотрис балык чарбачылыгына, өзгөчө урук чачуучу жана өстүрүүчү көлмөлөргө олуттуу зыян келтирип, уруктарды жейт. Элеотристин биологиясы изилдене элек», — деди биолог.

Кийинчерээк ихтиолог, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун кызматкери Искандер Осмонов бул амур бычогу («Rhinogobius brunneus = R. similis») экенин билдирди. «Амур чабагы сыяктуу эле бул түр Кыргызстандын суу объектилерине амур чөп жегич балыктары менен кошо алынып келген. Ал Чүй өрөөнүндөгү суу объектилерине гана эмес, Ысык-Көл облусунда, Токтогул суу сактагычында тараган. Анын узундугу 6 см, кадимки өлчөмү 4-5 сантиметрге жетет. Эркеги ургаачыларга караганда чоңураак жана ачык түстүү», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE