Пример HTML-страницы

Чүй облусунун аймагында кооптуу жүк ташыган айдоочуларга карата рейд өтүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун аймагында «Кооптуу жүк» рейддик иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кооптуу жүк ташуу үчүн уруксат документери болушу керек. Ошондой эле, унаалар техникалык кароодон өтүшү зарыл.

Кооптуу жүк ташууга уруксаты жок айдоочуларга Укук бузуу кодексинин 195-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 17 500 сом айып пул салынат.

Мындай унаалар жолдо күндүз гана жүрө алышат.

Рейд 2-декабрга чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE