Пример HTML-страницы

Бишкектик тургун күтүүсүздөн кардын алдынан олжо тапты. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарынын тургуну Анастасия Берновская кышкы сейилдөөгө чыгып, козу карындардын «Эльдорадосун» кезиктирди.

  • Эльдорадо («алтын өлкө»)— алтынга жана баалуу таштарга бай мифтик шаар.

«Тынч аңчылыкты» сүйүүчү Анастасия Берновская токойдо сууктан карга жашынган козу карындардын (вешенка) колониясын тапты.

«Биз Аламүдүн капчыгайындагы тоо этегине кышкы туристтик жүрүшкө чыкканбыз. Күзүндө вешенка чогултуп жүргөн жерлерди текшерүүнү чечтим. Ал жерден күтүүсүздөн көптөгөн вешенканын колониясын таптым», — деди Анастасия.

Ал үйүнө жакшы олжо менен кайтты.

Ал эми биолог адис Ирина Стежконун маалыматы боюнча, козу карындардын айрым түрлөрүн жылдын бардык мезгилинде чогултса болот.

«Козу карындар күзүндө гана эмес, кышында да өсө турганын тажрыйбалуу козу карынчылар билет. Мындай козу карындардын түрүнө вешенка кирет. Ал күздөн баштап жазга чейин ар кандай температурага карабай өсө берет. Муну менен катар эле даамы жакшы сакаталат. Кардын алдынан табылган вешенка деликатес болуп эсептелет», — деди адис.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE