Пример HTML-страницы

Бишкек—Ош жолундагы окуя элдин кыжырын кайнатууда (видео)

Акыркы жанылыктар

Turmush«Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү Бишкек—Ош жолунда бара жатып, бутун терезеден чыгарып алган. Аны көргөндөр 23-июлда видеого тартып алышкан.

Алардын айтымында, «Сосновка» постунда унаа тоо тараптан Кара-Балта шаарын көздөй бара жатып, арткы терезеден эки буту чыгып калган. Ошол маалда тегеректе көптөгөн унаалар болуп, кимдир-бирөө ал кишиге эскертүү жасап, андан кийин ал бир бутун алып салган. Алар бул окуяны башка жол кыймылынын катышуучуларын сыйлабастык катары баалашты.

Тургундар тиешелүү жетекчилерден «Тойота» унаасынын жүргүнчүсүнүн жоопкерчиликке тартууну суранышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE