Пример HTML-страницы

Бишкек—Ош жолунда «Жигули» талкаланып, 17 жаштагы айдоочу жан берди

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Ош жолундагы кырсыктан 17 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына окуянын күбөлөрү билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсыгы 17-декабрда аталган жолдун Кочкор-Ата шаарындагы тилкесинде орун алган.

«Кечээ эртең менен Бишкек—Ош унаа жолунда Бишкектен Ош шаарын көздөй бара жаткан ВАЗ-2107 «Жигули» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башкарууну жоготуп, жол четиндеги бетон мамыны сүзүп токтоптур. Унаанын ичинде 4 адам бар экен. 2006-жылы туулган айдоочу жигит окуя болгон жерде мерт кетиптир. Калган 3 жүргүнчү тез жардам менен ооруканага жеткирилди», — деди окуянын күбөсү.

Кочкор-Ата шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башкы дарыгери Айжамила Мамасадыкова ушул тапта бейтаптардын абалы туруктуу экенин айтат.

«Тез жардам унаасы менен 3 бейтап жана 1 жансыз дене алынып келинди. Алардын баары Ноокен районунун Ноокен айылынын 2006-жылы туулган тургундары экен. Жараат алган бейтаптардын баары хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Алардын абалы туруктуу», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE