Пример HTML-страницы

Бишкек—Ош унаа жолунун боюнда милициянын жаңы аймактык пункту пайда болду. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда заманбап милициянын аймактык пункту курулуп бүттү. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү алдында турат.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматы боюнча, элге сервистик тейлөө көрсөтүү максатында Момбеков айыл аймагында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык пунктунун имаратына 4 сотых жер бөлүнгөн. Момбеков айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2 миллион сом каралган.

Милиция пункту Бишкек—Ош унаа жолунун боюнда жайгашып, жол аркылуу каттаган сырткы жана ички туристтердин, жергиликтүү тургундардын кайрылууларын кабыл алат.

Имараттын сыртына видеокамералар орнотулуп, нөөмөттө турган кызматкер көзөмөлдөгөн компьютерге туташтырылган. Заманбап эшик, терезелер коюлуп, сырткы көрүнүшүнө өзгөчө көңүл бурулду. Административдик камера жасалып, темир эшик менен бекитилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE