Пример HTML-страницы

Бишкек—Балыкчы—Каракол унаа жолунда абал кандай?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районунда сел жүрүп, Бишкек—Балыкчы—Каракол унаа жолунун бир бөлүгүн жарым-жартылай жапты.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, сел саат 14:30дар чамасында эки тилкеде – 145-146-чакырымында жана 155-156-чакырымында түшкөн. Жолдун бир тарабы ачык.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жана атайын техникалар тартылды.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, Көк-Мойнок айылынын аймагында 3-4 тилкеде сел жүргөн. Бишкек—Балыкчы—Каракол унаа жолунун бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылды. Жолдогу сел калдыктары унаа тыгынына алып келген.

Айдоочулардын айтымында, жолдун бөлүктөрү акырындык менен тазаланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE