Пример HTML-страницы

«Бетиңиздерди, көзүңүздөрдү боёйсуздар…»: Жалал-Абаддын мэри эмнеден уяларын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдө тазалык дээрлик сакталбайт. Шаардыктардын мындай мамилелерине калаа башчы өзү уялганын Эрнис Ормоков бүгүн, 21-февралдагы жыйында билдирди.

Маалым болгондой, ал 2022-жыл ичинде аткарылган жумуштар жана быйылкы жылы аткарууга пландалып иш мерчемдер боюнча маалымат берди. Анда ал шаар тазалыгын жандандыруу үчүн жасалып жаткан аракеттерге токтолуп, жашоочулардын кылыктарына уяла турган жагдай бар экенин белгиледи.

«Шаардагы таштандыларды убагында тазалоо үчун мүмкүн болушунча иш жүрүп жатат. Былтыр «Тазалыкка» 8 унаа алынды. Мен көп кабаттуу үйлөргө текшерүүгө чыкпаптырмын. Жакындан бери көп кабаттуу үйлөрдү да карап жатабыз. Көп кабаттуу үйлөрдүн подъездерин көрүп уялдым. Иретсиздик, подъездер шыпырылбаган, желе баскан. Ошол үйдө бир топ адамдар жашайт. Аны көргөн балдар кандай тарбия алат? Шаар боюнча канча жолу ишембилик өткөрсөк да, тазалык боюнча тарбия болбосо баягы эле абалга кептелет экен. Бетиңиздерди, көзүңүздөрдү боёйсуздар, подъездерге деле убакыт таап карап койбойсуздарбы. Биз да жардам берели, бир аз актап-сырдайлы. Шаар тазалыгы баарыбызга керек», — деди ал.

Жыйында шаар тургундары да таштандыдан арылуу үчүн атайын видеокамера коюу менен таштандыны урнага салбагандарга чара көрүү сунушун айтышты.

Калаада көп кабаттуу 222 үй бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE