Пример HTML-страницы

Базар-Коргондо жаңгактын баасы 3-4 эсе арзандап кетти (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл Базар-Коргондо жаңгактын баасы жылдагыдан 3-4 эсе арзан. Turmush басылмасынын кабарчысы райондогу жаңгак базарга барып, бааларга кызыгып көрдү.

Гүлзат Ормонова 10 жылдай убакыттан бери базарга чыгып, дыйкандар токойдон терип келген жаңгактарды сатып алып, аны дүңүнөн ишкерлерге өткөрүп келет. Ишкердин айтымында бул жылы баалар арзан болуп, теримчилердин мээнети акталбай калды.

«Негизи базарда жаңгактын соодасы күз мезгилинде кызып баштайт. Жарандар токойдон терген жаңгактарын ушул мезгилде сатып, турмуш-тиричиликке иштетишет. Азыр 1 кг жаңгактын баасы 20-25 сомдон болууда. Баалар жылда мынчалык арзан болчу эмес. Тагырагы былтыр үй жаңгагы 60 сом, тоо жаңгагы 85 сомго чейин сатылчу. Быйыл баа 3 эсе арзан десем болот. Жылда бул учурда жаңгакты дүңүнөн ишкерлер сатып алып, Түркияга эскпорттошчу. Быйыл сатып алуучулар жок баалар арзан. Алдады баа көтөрүлүшү күмөн», — деди ишкер.

Базар-Коргон районунунун борбордук базарындагы жаңгак базарда күн сайын чак түшкө чейин соода кызыйт. Район тургуну Абдулазиз буларга токтолду:

«Менин эжемдин 3 гектар жаңгак токою бар. Быйылкы жылы түшүм мол болуп, 1 гектар жерден 3 тоннага чейин түшүм жыйнап алдык. Негизи жаңгак ар жылы ар кандай болот. Бул жылы бардык жерде түшүмдүүлүк мол болду. Деген менен баалар арзан, кыйналып терген жаңгактын мээнети акталбайт. Эртең менен саат 7:00 келгем, кардар жок турам. Алармандар 1 кг жаңгакты 20 сомдон сурап жатышат», — деди ал.

Облус аймагында Кара-Алма, Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр, Кочкор-Ата токой чарбаларында жаңгак токойлору бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE