Пример HTML-страницы

Базар-Коргондо асынып каза болгон келиндин өлүм алдындагы каты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда каза болгон келин өлүм алдында кат таштап кеткен. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маркум келиндин өлүмү боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатканын тастыктады.

Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүнүн Катраңкы айылынын тургуну З.кызы А. өз өмүрүнө кол салаардан мурун: «Ким дагир [ред.бузулган] болуп жаман жүрсө, башканы да ошондой ойлойт. Чыныгы дагир келин алып өлгүчө, ар кимдин астынан таап келип жашатып кал» деген кат жазып кеткен.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 23-июль күнү саат 07:55 чамасында Базар-Коргон РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 102 кызматтык телефонуна Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын Правда айылынын тургуну Ж.К. (эркек киши) байланышып, Кара-Ой айылынын Катраңкы участкасында келини — 1993-жылы туулган З.кызы А. өзү жашаган үйүндө асынып алып, каза болгондугун билдирет. Аталган билдирүү 2022-жылдын 23-июлунда Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына өзүн-өзү асып алуу болуп катталган.

Бул билдирүү боюнча окуя болгон жерге Базар-Коргон РИИБдин тергөө ыкчам тобу РИИБдин жана Базар-Коргон райондук прокуратурасынын жетекчилиги менен бирге барышкан. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө маркум келин үйүнүн ичиндеги толук бүтө элек бөлмөсүндөгү үйдүн жыгач тирөөчүнө жоолук байлап, өзүнүн өмүрүн кыйып (асынып) каза болгондугу аныкталган. Андан сырткары окуя болгон жерден жашыл түстөгү сыя менен жазылган кат алынган.

«Аталган окуя боюнча аныкталган жаңы жагдайлардын негизинде 22-август күнү Базар-Коргон РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү болгон бардык экспертизанын түрлөрү дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жабырлануучу тараптын укугун коргогон жактоочунун катышуусунда иштин жүрүшүндөгү бардык тергөө амалдары тааныштырылган.

Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин аталган окуя боюнча толук тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE