Пример HTML-страницы

Баткендин Зарташ айылына таза суу качан тартылат?

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Зарташ айылына таза суу тартылган эмес. Жашоочулар айыл аралап өткөн Кожошкен дарыясынан сугат сууга, ичүүчү суу жана мал жандыкка да пайдаланышат.

«Таза суунун жоктугунан арыктан агын сууну ичүүгө аргасызбыз. Идиштерге сууну алып, 1-2 күндөн кийин тунутуп ичебиз. Башка айлабыз да жок», — дейт айыл туругуну Назира Абдыкаарова.

«Дарыянын суусу ылай, кум-шагыл болгондуктан, арыктар тез эле толуп, бат-баттан тазалап турабыз. Анан ушул эле суу менен эгин талааны сугарабыз, мал-жандык, ага кошо өзүбүз ичебиз. Таза суу линиясы такыр келген эмес. Ата-бабаларыбыз да ушул сууну пайдаланышкан», — дейт Зарташ айылынын тургуну Наби Сыдыков.

Төрт-Гүл айыл өкмөтүндө мынтип дарянын суусун ичкен 3 айыл бар.

«Буга чейин оруу-сыркоо катталган эмес. Бирок санитардык талаптарга жооп бербейт. Айыл өкмөттө Ак-Өтөк, Зарташ жана Чоң-Кара айылдарында таза суу тартыштыгы бар. Мындан улам Зарташ айылынан кудук чыгарып, айылдык демөөрчүлөр тарабынан керектүү материалдар алынды. Буюрса 1 ай ичинде таза суу тартылып, айыл ичи таза суу менен камсыз болот. Ал эми Чоң-Кара айылынын жарымына жете турган суу кампа куруп жатабыз. Жакында ишке кирсе, айылдын жарымы таза суу менен камсыз болот», — дейт Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Сейидали Эркебаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE