Пример HTML-страницы

Баткенден Жайылга келген тургундарды үйлөрүнө узатышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районуна эвакуация болуп келген баткендик тургундарды үйлөрүнө узатышты.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам үйлөрүнөн чыгып кетүүгө мажбур болгон тургундарга Жайыл районунда убактылуу жашоого шарт түзүлгөн. Алар окуу жайлардын жатаканасына жайгаштырылган. Айрымдары Кызыл-Дыйкан, Калинин, Кара-Балта шаарындагы туугандарыныкында жашап жаткан.

Районго Баткен облусунан жалпы 150 адам келген. Алардын баары үйлөрүнө кайтты. Алар үчүн Баткенге чейин транспорт уюштурулду.

——————————————

Акыркы маалыматтар боюнча, чек арадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 62 адамга жетти, алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 198 адам. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

      • Каза болгон жарандардын алдын ала тизмеси бул шилтемеде.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.

Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.

«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салды.

18-сентябрда гана абал турукташты.

Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE