Пример HTML-страницы

Баткенде уурулук кылмышка шектелген 3 жигит кармалды

TurmushБаткен районунда уурулук кылмышка шектелип 3 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, милицияга Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын 34 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 2023-жылдын январ, февраль айларында өзүнүн дүкөнүнөн азык-түлүктөрдү жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдарын белгисиз жарандар уурдап кеткенин билдирген. Бул маалымат Баткен РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 25-март күнү Баткен шаарынын 25 жаштагы тургуну Н.А., 16 жаштагы тургуну Н.К. жана 21 жаштагы тургуну К.Т. кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE