Пример HTML-страницы

Баткенде 3 миллион сомго жакын акчага салынып жаткан мал базардын курулушу токтотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарындагы муниципалдык мал базардын курулушу токтотулуп, мыйзамсыз деп аныкталды. Бул тууралуу Баткен райондук прокуратурасынан кабарлашты.

Маалым болгондой, курулуш иштерин токтотуу боюнча Баткен райондук прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановго сунуштама жөнөтүлгөн. Баткен райондук прокуратурасынын текшерүүсүндө Баткен шаарынын мэриясынын айрым кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы 1,5 гектар аянтка муниципалдык мал базар курууда жердин багыты өзгөртүлбөй, курулуштун мыйзамсыз жүргүзүлгөндүгү аныкталган.

  • Май айынын аягында Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына Баткен шаардык мэриясынын буйрутмасы менен «Аист-Строй» ЖЧКсы тарабынан муниципалдык мал базардын курулушу башталган. Анын курулушуна 2 млн 973 миң сом акча каражаты каралган.

Шаар тургундар курулуштун жүрүшүндө мыйзамсыз көрүнүштөр болуп жатканын айтып, Turmush басылмасына кайрылышкан. Ал эми Баткен шаардык мэриясы тарабынан мал базардын курулушунда эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун билдиришкен болчу.

Андан кийин аткен Брайондук прокуратурасы мал базар боюнча текшерүү иштерин баштаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE