Пример HTML-страницы

Баткенде 2 айылды бириктирген 60 метр көпүрө курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай айылдарын байланыштырган жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, көпүрөнүн курулуш иштери ӨКМдин Өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча Капиталдык курулуш департаменти тарабынан колго алынган. Ак-Суу дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн узундугу 60 метр узундукта.

«Куткурулуш» ЖЧКсы тарабынан салынып жаткан көпүрөнүн пайдаланууга берилүүсү мектеп окуучулары үчүн убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт. Анткени буга чейин Капчыгай айылынын окуучулары Б.Ходжаев атындагы орто мектепке келүү үчүн 3 чакырым жолду басып өтүүгө аргасыз болсо, эми жол эки эсе кыскарды.

Юстициция министрлигинин маалыматтар базасында «Куткурулуш» ЖЧКсы 2005-жылы 15-ноябрда каттоодон өткөнү көрсөтүлгөн. Жетекчиси катары Садиров Нурланбек, түзүүчүсү катары Садирова Нуржамал Абдрахмановна белгиленген. Ишкана жарандык багыттагы объекттерди куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE