Пример HTML-страницы

Балыкчы шаарынын тургуну баңгизат сатууга шектелип кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБалыкчы шаарындагы тургундун сарайынан баңгизат табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Балыкчы ШИИБге Нуке каймана аттуу бир жаран Түп жана Ысык-Көл райондорунан баңгизаттарды мыйзамсыз алып келип, Балыкчы шаарынын жана Чүй облусунун аймагында сатуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Маалымат милиция тарабынан КБРге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Кара куурай» операциясынын алкагында Балыкчы ШИИБдин БЖКККнын ыкчам кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз сактаган жарандын өздүгүн аныкташкан. Ал Балыкчы шаарынын 41 жаштагы тургуну Д.А. болуп чыккан.

Жүргүзүлгөн мыйзамдуу тинтүү учурунда А.А.нын сарайынан кара куурайга окшош кургатылган чөп жана баштыкка оролгон, өзгөчө жыты бар зат табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусунда алынган зат гашиш жана салмагы 174 граммды түзөрү аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE