Пример HTML-страницы

Балыкчы шаарындагы турак үйдөн өрт чыгып, 300 чарчы метри күйдү

Акыркы жанылыктар

Turmush22-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы турак үйдөн өрт чыккан. Кырсык тууралуу маалымат ӨКБга саат 17:52де түшкөн.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жерине саат 18:00дө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 1, саат 18:05де 1, жалпы эки күжүрмөн эсеп тартылган.

Турак үйдөн чыккан өрт саат 18:17де чектөөгө алынып, саат 20:57 де толук өчүрүлгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен барак үлгүсүндөгү турак үйдүн шыбы, чатыры, кире бериш бөлмөсү, жалпы 300 чарчы метр аянты өрттөнгөн.

Өрт кырсыгы адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE