Пример HTML-страницы

Бактияр Абдылазов баккан тооктордун 1 даана жумурткасы 150 сомго бааланат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын 46 жаштагы тургуну Бактияр Абдылазов 10 жылдан бери тоок багып жатат. Ал алгач Россияда тоок баккан кишинин корозун көрүп, тоок багууга кызыгып калганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

«Москвада жүргөндө жашы өтүп калган орус кишинин корозун көрүп, тоок багууга кызыгуум пайда болду. Ошол короздун бою 1 метрден ашыгыраак болчу. Ошонусуна кызыгып ал кишиден бирөөнү 10 доллардан 50 жөжө сатып алгам. Ал тооктор брама породасынан болчу», — деди ал.

Бактияр Абдылазов атайын тооккана куруп, аларды өзгөчө көңүл буруу менен карайт. Учурда австралорп деген асыл тукум тоокторун багат жана буларды тооктордун эң жакшы түрү деп эсептейт.

«Алар эт жана жумуртка багытында болуп, жумурткасы 150 сом, жөжөсү 250 сомго бааланат. Толугу менен рационалдуу жем жешет. Буга чейин тооктордун санын 150-200гө чейин көбөйткөм. Кохинхин деген түрүн да эт жана жумуртка багытында багып келгем», — деди ал.

Ал тоокторду көбөйтүү үчүн өзүнүн аппараты да бар экенин кошумчалады.

«Тооктордун жумурткаларын бастырганда өздөрүнүн аппараты болот. Ошол жылытып, айлантып, ачып чыгарат. Аппаратты атайын асыл тукумдар үчүн алгам. Ал жумурткаларга жетиштүү деңгээлде жылуулук бөлүп, чайкайт, ошондо ал даяр болот», — деди ал.

Тооктун австралорп түрүн бир жылда үч жолу бастырууга болот жана эң узагы 21 күндө жөжө чыгарат. Азыр 25 австралорп тоогу бар.

«Тооктор күнүгө эле эгиз жумуртка туу бербейт. Короздорунун орточо салмагы 5 кг, тооктун ортчо саклмагы 3,5-4 кг болот. Күнүнө бир тоок 150 грамм жем жейт», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE