Пример HTML-страницы

Аравандагы мектептер оңдолуп, жаңы окуу жылына даярдалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Араван районунун аймагындагы орто мектептерди жаңы окуу жылына карата даярдоо иштери 95 пайызга аяктады. Бул туурлуу аталган райондун акиминин орун басары Музафар Мамасаидов билдирди.

Анын айтымында, мектептерди оңдоп-түзөө, актап-сырдоо иштери үчүн каражат республикалык, айыл өкмөттүк бюджеттен жана басымдуу бөлүгү демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланды.

«Араван районунда жалпы 57 мектеп бар. Анын 51и мамлекеттин балансында. Учурда баары оңдоп-түзөөдөн өттү», — деди Музафар Мамасаидов.

Ош облусу боюнча жалпы 527 орто мектеп бар. Анын ичинде 69 мектеп авариялык абалда. Андан сырткары Ош облусундагы жалпы 7 район боюнча курулшу башталып, бирок токтоп калган 40 мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE