Пример HTML-страницы

Аравандагы 4 айыл өкмөттүн борбордук көчөлөрү оңдолду. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Араван районундагы төрт айыл өкмөттүн борбордук көчөлөрү оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Араван райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол оңдоо иштери Алля Анаров, Чек-Абад, Тепа-Коргон, С.Юсупова айыл өкмөттөрүндө жүргүзүлдү. Андан сырткары тротуарларга таш таман төшөлдү. Бул иштер үчүн жергиликтүү бюджеттен 4 млн сом бөлүндү.

  • Араван району боюнча жалпы 8 айыл өкмөт бар. Анда 143 миң адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE