Пример HTML-страницы

Араванда дотациядан чыккан жалгыз айыл аймактын турмушу башка айыл өкмөттөргө үлгү катары көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүндө республикалык деңгээлде семинар болуп өттү. Анда Алля Анаров айыл аймагынын социалдык-экономикасын, инфраструктурасын, жакырчылыктан чыгуу жана элдин жашоосун өнүктүрүүдө аткарылып жаткан иштер тууралуу сөз болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Семинарга министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кыргызстандын булуң-бурчунан келген айыл өкмөт башчылары катышты.

Иш-чарада Алля Анаров айыл аймагындагы социалдык маселелер жергиликтүү жамааттын жана фонддордун жардамы менен чечилип жатканы айтылды. Мындан улам жергиликтүү бюджет былтыр, 2022-жылы 103 миллион сомго чыккан.

Семинардын максаты Алля Анаров айыл аймагында аткарылып жаткан иштерди башка айыл аймактарга үлгү катары көрсөтүү болуп саналат.

  • Араван районунда 8 айыл өкмөт бар. Район боюнча 132 миң 203 адам жашайт. Учурда Алля Анаров айыл өкмөтү гана дотациядан чыккан. Айыл аймакта 19 миң 291 адам жашайт. Айыл өкмөт башчысы — Мамиржан Кадиров.

«Араванда уюштурулган семинарга Кыргызстан боюнча акимдин орун басарлары жана айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келишти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кандай иштесе болот, кандай жыйынтыкка келсе болот дегенге мындай айтар элем, мына Алля Анаров айыл өкмөтү үлгү болуп жатат. Эл менен чогуу иштеп, социалдык маселелери чечилип жатат. Мына айыл өкмөттө арзан такси, мына таштанды жыйнай турган техника. Мындан тышкары колунда жоктор үчүн акысыз дүкөндөрдү ачышыптыр. Буга ушул жерде чоңоюп, иштеп кеткен мигранттар жардам бериптир. Айрым муктаж адамдар атайын ачылган дүкөнгө келип, керектүүлөрүн алгандан уялган жарандарга айыл өкмөттүн кызматкерлери эч кимге билгизбей, үйүнө жеткирип беришет экен. Кийин бул жардам алган адамдар бутуна туруп, жетишип калгандан кийин алар да муктаж адамдарга жардам берүүгө умтулат. Мындай үлгү чындыгында Кыргызстандын бардык жеринде жок. Мына ошондуктан семинарга келген ар бир бийлик өкүлдөрү өздөрүнүн айыл өкмөтүндө эл менен жолугушуп, туура маалымат жеткирүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бүгүнкү иш-чарадан үлгү көрсөтүп, элине айтып бериш керек.

Республикалык бюджетибиз да өсүп жатат. Анткени былтыркы 2021-жылга салыштырмалуу быйыл киреше бөлүгүбүз 5 эсеге көп. Ошол себептен биз көптөгөн социалдык маселелерди чечип жатабыз. Капиталдык салымдар — мурда жыл сайын 5-6 миллиард сомдун тегерегиндеги каражатты сарптасак, былтыр 17 миллард сомдон ашык сарптадык. Бүгүнкү күндө мектептерди, бала бакчаларды, оорукана жана ФАПтарды курууга кетип жатат. Быйыл дагы 5 миллиард сом бекитилген. Азыр сегиз бүтүн ондон эки миллиард сом кошумча кылдык. Дагы 10 миллиард сомго көбөйтүп туруп, Кыргызстан боюнча 50 пайыз курулушу бүтүп калган мектептерди толугу менен ишке киргизүү керек деген тапшырма коюлду.

«Жүз жолу уккандан, бир жолу көргөн артык» демекчи, негизинен мамлекетти карап , күтүп отура бербей, өзүнүн бюджети менен, өзүнүн бюджети болбосо, жамаат менен иштеп, сонун иштерди жүргүзүп жатат. Бул кубандыра турган иш-чара болуп жатат», — деди Адылбек Касымалиев.

Ал эми президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин айтымында, Алля Анаров айыл өкмөтү жергиликтүү социалдык маселелерди чечүүдө жеңил, оңой жолдорун тапкан.

«Республикалык семинар-кеңешме Ош облусунда, Алля Анаров өкмөтүндө эле өтүп жаткан жери жок. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү, элге сапаттуу кызмат көрсөтүүнү бул айыл өкмөт кантип колго алган? Дегеле айыл өкмөттүн ролу кандай, ошол эле учурда жергиликтүү жамааттын ролу кандай? Айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жашоочулар менен кандай иштешип жатышат? Бул суроолорго жоопту ушул жерден ала алдык. Бул семинар-кеңешме бир канча ай мурун пландаштырылган. Ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрүн чакырганбыз. Эмнеге дегенде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мындай маселеде аздык кылат. Ошого байланыштуу мамлекеттик администрациянын өкүлдөрүн чогуу чакырдык. Ушул эки органдын алакасы менен катнаш мамилесин түздөп алалы жана ушул айыл өкмөттө болуп жаткан жакшы саамалыктарды көрсөтүп алалы деген максат.

Бул жердин дагы бир өзгөчөлүгү Алля Анаров айыл өкмөтү маселелерди кантип чечип койгон? Мына ушул укуктук ченемдик актыларда кандайдыр бир тоскоолдуктар бар деген маселени семинарга келген адамдардын папкаларына салып койдук. Демек, жолун тапсак болот дегендейчи. Айыл өкмөт башчысы дагы жергиликтүү маанидеги жол болобу же ички арыктардын тазалануусу болобу, аялдама, тротуар, жарыктандыруу жана башка маселени чечүүнүн жеңил, оңой жолун тапкан», — деди Элчибек Жантаев.

Ал эми ЖК депутаты Жалолидин Нурбаев өнөр жай болбосо, дотациядан чыгуу кыйын экендигин билдирди. Анын айтымында мындай райондор үчүн чоң ишкана болбосо дагы, кичи өнөр жай ишканаларды көбөйтүү керектигин баса белгиледи.

«Араван районунда көп эле көйгөйлөр бар эле. Атайын имаратыбыз жок болчу. Анан эл ар жыл сайын, чогулуш болгон сайын таза суу маселеси, жол маселеси качан чечилет деп айта берчү. Айыл өкмөттүн бюджети 21 миллион сом болчу. Аны же жеткире албайбыз. Анан жергиликтүү жамаат менен байланышты түзүп, ошолорду ишке тарта баштадык. Жергиликтүү жамаат жана фонддор аркылуу иштей баштадык. Айыл өкмөттүн бюджетин сарамжалдуу пайдаландык. Көп маселени фонддор, жергиликтүү жамааттар менен бүтүрдүк. Мисалы, ФАПтардын баарын фонддор аркылуу бүтүрүп алдык. Ал эми айыл өкмөттүн негизги маселелерин, жол, мектептердин оңдоо, балдар бакчасын куруу иштерин ошол айыл өкмөттүн бюджетинен бүтүрдүк. Биз былтыр айыл өкмөттүн бюджетин 103 миллион сомго чыгардык. Жооптуу катчым Мамиржан Кадиров болуп убагында 8 жыл чогуу иштедик. Саамалыктардын баарын экөөбүз чогуу уюштурдук. Айыл өкмөттө эң негизгиси ынтымак бар эле. Жергиликтүү жамаат менен түз байланышты жолго салган элек. Элибиз дагы жакшы. Андан сырткары башка райондордо эмгектенген, Америкада, Европада иштегендер коронавирус күчөп турганда тез жардам унааларын, медициналык жабдууларды алып берип, элдин көйгөйүн чечкенге көп жардам беришти. Ошон үчүн жергиликтүү жамаатка ыразычылык билдирип кетебиз.

Дотацияда турган айыл өкмөттөр үчүн негизинен кыйын. Мен кеңеш берет элем, өнөр жайы болбогон айыл өкмөттөр чоң өнөр жай болбосо дагы, кичинекей чакан ишканаларды көбөйтүш керек. Бул иштерге азыр эл дагы даяр болуп калды. Себеби, алардын оозунан уктук: «Акчабыз бар, каржылайлык десек, бизге жер береби же бербейби деген суроолор болуп жатат» дешти. Мен айтат элем, дотациядагылар жергиликтүү жамааттарды тартсын, ошолорго жер бөлүп берсин жана кичи ишканаларды көбөйтсө, дотациядан чыгат», — деген пикирин Жалолидин Нурбаев билдирди.

Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн башчысы Калыс Медетов көзөмөл-өткөрмө жай аркылуу дотациядан чыгууну көздөөдө.

«Кегети айыл өкмөтүнөн келдик. Бул жерде аябай жакшы семинар болуп жатат. Биринчиден айыл өкмөт жөнүндө айтсам, дотацияда турган айыл өкмөттүн бири. Бизге таасир калтырганы, жалпы айыл тургундары биргелешип автоунааларды алып берип, такси кызматын уюштуруп, жети айылдын балдарын ташып жатышыптыр. Бул өтө жакшы нерсе. Айыл өкмөттү эле карап турбастан, өзүнүн эли дагы салым кошуп турганы таасир калтырды.

Бизде өндүрүш жок. Бирок, туризм жагы каралган. Мына ошол жагы менен дотациядан чыгабызбы деп турабыз. Азыр темир постторду койдук. Пост электрондук өткөрмө пост болот. Электрондук эсеп каралып, ошодон каражат түшөт. Ушул аркылуу дотациядан чыксак болот. Мындан башка бизде чоң өнөр жайыбыз жок. Бирок, чоң иштерди жасаган элибиз, сыртта иштеген мигранттарыбыз бар. Бул жактан алган маалыматты жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, биригели деген ойдо кетип жатабыз», — деди Калыс Медетов.

Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Эрнис Макишовдун айтымында, өнөр жай болсо, эл жумуш менен камсыз болот. Ошондуктан ишканаларды ачууга басым жасаш керек.

«Семинар бизге кызыктуу болуп жатат. Алля Анаров айыл аймагында элдин демилгеси менен көп жакшы иштер бүтүптүр. Цемент заводу дагы көп адамды иш менен камсыз кылыптыр. Ар бир райондо ушундай өнөр жай болсо, жергиликтүү адамдар жумуш менен камсыз болот. Анан ал өнөр жай кайсы айыл өкмөткө караса, ошол айыл өкмөткө чоң жардамын берет экен. Мага бул жактын таш менен жол салып, жээгине кичи каналдарды жайгаштырып, ушул ишти колго алганы жакты. Көчөлөрү дагы таптаза. Кызыл сызыкка чыгып кеткендер өздөрү туура түшүнүп эле жолду бошотуп бериптир. Элдердин дагы мээнеткечтиги жагымдуу болду.

Биздин айыл өкмөттө чоң шахта бар, өндүрүшкө кирет. Аны дагы ортого коюп, эл менен мамлекетке каражат түшкүдөй кылып шарттарды түзөбүз. Ошондой эле жакшы демилгелерди көтөрүп, эл менен бирге иш алып барайын деп турам», — деди Эрнис Макишов.

Талас облусунун Талас районуна караштуу Ү.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Кубанычбековдун айтымында, эң негизгиси уюштуруучулукту колго алуу керектигин баса белгиледи.

«Эл дагы мамлекетти күтүп отура бербей, өздөрү дагы кызыктар болуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте болуп, салым кошконуна таасирлендим. Айыл өкмөтү, айыл башчылар элди тартып, уюштурганы бизге үлгү болууда. Себеби, эл менен иштеш өтө кыйын. Элди ушундай нерсеге алып барыш көп нерсени талап кылат. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн менеджер болуш керек. Муну жогорку деңгээлде алып баруу керек. Эң негизгиси уюштуруучулукта. Мамлекетти эле күтүп отура бербей, өзүбүз дагы аракет кылып салымыбызды кошушубуз керек. Биз дагы өзүбүздүн айыл өкмөттө ушундай иштерди жасоого аракет кылабыз», — деди Алмазбек Кубанычбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE