Пример HTML-страницы

Америкадан окуп келген Зарина Турукманова зомбулукка кабылган аялдарга жардам берип келет

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарынын 45 жаштагы тургуну Зарина Турукманова зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жардам берип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча англис тилчи мугалим.

«Окууну бүткөн соң «Жакырчылыкты жоюу» долбоору бар эле. Ошол боюнча сынакка катышып, долбоор менен Талас облусу боюнча иштеп калдым. Өз ара жардамдашуу топторун түздүм. Ал жерде 2003-жылга чейин иштедим. Жаштар үчүн Америкадан атайын долбоор бар болчу. Мен англис тили боюнча тесттерден өтүп, сынакка катыштым. 2003-жылы Америкага сынактан өтүп кеттим. Ошол темам «Кризистик борборлордун ролу, аялдарга карата зомбулукту азайтуу» эле. Ошол тематикада 3 ай изилдөө жүргүздүм. Ошентип, Американын Массачусетс штатына, Бостонго окууларга бардым. Ал жерде зордук-зомбулук тууралуу тренингдерди өтүп, Колумбия округунда 1 ай гендер багытында иштеген уюмда стажировкадан өттүм. Кийин кайра мекениме кайтып келдим.

Келип эл аралык долбоорунда иштеп калдым. Жер үлүшүн бөлүшкөндө, кээде үлүш жери бирге жазылып калган учурда, ажырашуу болгон учурда аялдардын жерге болгон укугу, тең бөлүштүрүү боюнча болчу. Үлүш жери күйөөгө тийген жеринде же ата-энеси менен жашаган жерде калып калган учурлар болот. Ал жерде да ар кандай адамдар болот. Каяктагыны айтып жатасыңар, жер деген бул жакта калыш керек дегендер да бар.

Андан тышкары, Талас облусундагы аялзат кризистик борборунда вакансия болуп, ушул жерге консультант болуп кирген элем. Бир нече убакытта долбоорлор менен иштеп, кризистик борбордо, ишеним телефонунда консультант болуп иштедим. Анан окууларды, тренингдерди өткөрүп жүрдүм. Ал жакта иштеп жүрүп көптөгөн проблемаларды, аялдарга кандай психологиялык жактан, юридикалык жактан жардамдар керек экенин көрдүм»,- деди ал.

Каарманыбыз өзү күбө болгон окуяларды эскерди.

«Акыркы жылдары жакын үй-бүлөнүн ичиндеги эле башка адамдар тарабынан да зордук-зомбулук жасалгандар бар. Мисалы атасы тарабынан карата зомбулук жасалган балдар болот. Жакында эле ушундай 2 учур болду. Анда кайын энеси тарабынан келинине жасалган зомбулук болгон. Дагы бир учурда күйөөсү миграцияда жүргөн учурда кайын атасы тарабынан зомбулук көрсөтүп, үйүнөн кууп чыккан учур катталды. Анын жашай турган жери жок, бизге баш калкалоочу жайга келип жашады. Ушундай учурлар да бар. Бир эже жашай турган жери жок, эмчектеги баласы да бар экен. Балдары менен кичинекей жаман жерде жашап калышкан экен. Кийимдери кир болгондо, жоктуктан жакшы кургай элегинде кийгизип коюп пневмония кылып алган экен баласын. Ооруканага жаткызып карашканбыз», — деди ал.

Зарина Турукманова азыркы учурда да билимиди кеңейтүү үчүн психология боюнча билим алып жатат.

«Негизи жумушубуз абдан эле оор. Аял кишилерге жардам берип, ар кандай тажрыйба алат экенсиң. Мен да көптөгөн долбоорлор менен иштеп жүрдүм. Дайыма эле бир жерде жүрө бербей, башка да тармакта иштейм. Бир жерде иштей берсең өзүңө да, ден-соолугуна зыяны тийип калат.

Кийин Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде юриспруденция адистигинде окудум. Алган билимимди кеңейтүү үчүн окуумду уланттым. Окуп жүргөн учурда декретте болуп, академ алып калдым. Ошентип азыркы учурда ийгиликтүү аяктадым. Ошондой эле, Москвадан психолог-консультант болуу үчүн квалификацияга ээ болдум. Азыркы учурда да билимиди кеңейтүү үчүн психология боюнча билим алып жатам.

Четинен бардык максаттарыбыз ишке ашып, келечекте максаттарыбыз өзгөрүп да баратат. Азыркы максатым — окуп жаткан окуу жайымды ийгиликтүү аяктап, диплом алуу. Үй-бүлөм менен саякатка чыгуу чет мамлекеттерге жана ошондой эле өзүбүздүн мекенибиздин бардык бурчун кыдыруу максатыбыз бар. Аялдар үчүн эс алуу үчүн жай ачып, Талас облусуна реабилитациялык борбор ачуу, психикалык ден соолугуна да көңүл буруу үчүн иштерди алып баруу максатым бар», — деди ал.

Зарина айым жолдошу экөө 5 баланы ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE