Пример HTML-страницы

Алтынай Орозбаева өз колу менен таза кийиздерден ар кандай буюмдарды жасап, кошумча акча табат

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Алтынай Орозбаева таза кийиздерден ар кандай сувенирлерди, үйгө кийүүчү бут кийимдерди жана башка буюмдарды өз колу менен жасап келет. Жай мезгилинде жасаган буюмдарын облустун эң туристтик аймагы болгон Чолпон-Ата шаарында сатыкка коёт. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Орозбаева Алтынай Конуровна 1968-жылы туулган. Үй-бүлөдө бир тууган эже-сиңдилери, энеси кыргыздын шырдак, кийиз, жер төшөк, жууркандарын жасап келишет. Ушундан улам ал 19 жыл мурда кол өнөрчүлүк менен алектенүүнү чечкен.

«Башында Бишкек шаарында белгилүү элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн улуттук бирикмесинин буюмдарын облуста сата баштадым. Алардын эмгектерин көрүп отуруп кызыгып, өзүм сиңдилерим менен бирге жасап сатууну чечтик. Азыр жыл бою Каракол шаарында жасап, жергиликтүү базарда сатыкка коём. Анан жайкы эс алуу маалында туристтик аймакка келген меймандарга жасаган эмгектеримди сатыкка коём. Негизи чет элден келген меймандар кыргыздын таза кийизинен жасалган буюмдарга кызыгышат. Ортодо Кытайдын жасалма кийиздери чыгып, «буюмдар таза эмес кийизден жасалган эмеспи?» деп чочулап калышты. Мен жалаң таза кийизден гана жасап келем. Чет элден келген меймандар мончодо колдонулуучу баш кийим, мелейлер топтомун, тапочкаларды көп алышат. Алар ар кайсы өлкөдөн келишкенин айтып, ошол жактарга алып кетишерин билдиришет. Кыргыздын буюмдарына кызыгып, сүрөткө тартып жатышса, биздин кооз жерлер түшүрүлгөн магниттерди аларга эстеликке берип коём. Алар кыргыздын буюмдарын, кыргыз жергесинин кооздугун көп айтышат», — деди ал.

Анда допулар 350 сом, үйгө кийүүчү бут кийимдер 250-600 сомго чейин сатыкка коюлат. Баалар кийиздин сапатына жараша болот.

«Көпчүлүк айымдар кызыккан кийиз сумкаларды бир жумада жасап бүтөм. Буюмдарды сайма менен кооздоп саябыз. Негизи кол эмгек убакытты талап кылат. Убакыт болсо, бардык эле буюмдарды жасап келебиз», — деди ал.

Ошондой эле эмгектери менен көргөзмөлөргө катышат. Анын ичинен эң эсте калганы бул Каркыра жайлоосунда өткөн көчмөндөр оюну болгон.

«Бул көргөзмөгө өлкөнүн ар аймагынан келген кол өнөрчүлөрдүн эмгеги коюлду. Убакыт кенен болуп, баарыбыз тажрыйба алмаштык. Кыргыздын буюмдарына экинчи жашоо берип, аны кайра жаңыча жасап, улуттук баалуулуктарыбызды көтөрүп жаткан эже-сиңдилерди көрүп шык алдым. Мен да сиңдилерим менен бирге кол өнөрчүлүк менен алектенип баштагам. Жыйынтыгында катышуучуларга ардак грамота берди. Негизи жасаган ишиңди баалаган кезде, дагы эргүү келип, жаңы эмгектерди жаратууга шыктанасың», — деди ал.

Орозбаева жасаган буюмдарын сатып, андан киреше табууну өздөштүргөнгө анын дүкөнчүлүккө алган билими жардам бергенин билдирди. Ал кайсы кесип ээси болбосун, облуста туризм тармагын жандандыруу үчүн жаштарга тил окуу керектигин айтат.

«Кардарлардын суроо-талабын билүү, тейлөө, соода-сатыкка жаш кезде алган билимим жардам берди деп ойлойм. Анан көбүнчө чет элдик меймандар менен алардын котормочусу аркылуу гана сүйлөшөбүз. Облус туристтик борбор болгондуктан мен жаштарга чет тилдерди жакшы өздөштүрсөк деп кеңеш айтар элем. Баарыбыз ар тилде так сүйлөп, турсак, кыргыз жергесинин кооздугун, эмгектерибиздин жасалуу ыкмасын, тарых таржымалбызды жакшы жеткирмекпиз. Алар да көп кызыгышат. Ошондуктан жаштарды башкысы тилди үйрөнүүгө чакырат элем», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE