Пример HTML-страницы

Аламүдүндүк аялдын иши кошуналардын кыжырын кайнатып жатат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылынын тургундары короосуна 100гө чукул ит баккан жашоочу боюнча айыл өкмөткө кайрылышканы тууралуу жазганбыз.

Алардын айтымында, иттер жаш балдарга коркунуч жаратып, алардын таштандыларынан жагымсыз жыт чыгып жатат. Ал эми короосуна ит баккан Татьяна эмне себептен мындай кадамга барып жатканын айтып берди.

«Менин жашоом жаныбарлар менен байланыштуу. Анан мен көчөдө кароосуз калган жандыктарга абдан боорум ооруйт. Бизде ушул чоӊ көйгөй экен. Качан биз өзүбүздүн турак үйлүү болуп, көчүп келгенбизде, мурунтан чогултуп жүргөн 15ге чукул үй жандыгын ала келгенбиз. Анан жолдо ары-бери тентип, суукта калган, унаа сүзүп кетип жаракат алган иттерди чогултуп, үйгө алып келе баштадым. Мал доктурлук боюнча, аларга керектүү дарылар тууралуу эч нерсе билчү эмесмин. Эми болсо тажрыйба топтоп билип калдым. Иттер ооруса, өзүм эле дарылап коём.

Иттеримдин ден соолуктары чыӊ, дарыланып турушат. Анткени алардын ден соолугу менин ден соолугум. Алар бактылуу, ары-бери ойноп, кубанычтуу жүрүшөт. Ал тургай кожоюуну аркылуу көчөгө ыргытылып, жашоого таарынган иттер дагы калыбына келип, менин колуман кайра жакшы мүнөздөрүн табышат. Булар адамга ишенишет. Эгер сага ишеним артса, анда сатпашыӊ керек.

Иттер короодо гана сейилдеп жүрүшөт. Көчөгө атайын бир дагы итти чыгарбайм. Иттерди бакканга досторум дагы жардам берет, өзүбүз каражатыбызды салабыз. Аз акчага көбүрөөк тамак-аш алып бергенге аракет кылам. Алар арык эмес, кээде кана кыйынчылыктар болуп калбаса, күн сайын керектүү тамак-аштарын жеп турушат. Ал тургай эт, балык, жашылча жемиштерди дагы жешет», — деди ал.

Татьяна айрым тургундар анын жасап жаткан ишин түшүнбөй, арыз жазып, көрүнгөн жерге кайрылып жүрүшкөнүн кошумчалады.

«Бир катар жылдардан бери айрым тургундар менин үстүмөн айыл өкмөтгө, ар кайсы жерге арыз жазып, даттанып келишет. Ак сакалдар соту дагы болгон. Ошондон кийин мен айыл өкмөткө: «Атайын иттерди багуу үчүн жер бөлүп бергиле» деп арыз жазгам. Алар «Атайын ит баккан жерге алып барып бер» деген сунуштарын дагы беришкен. Бул көйгөйдү чогуу чечишпей эле, мени эптеп ары түртүп жатышат. Атайын жер бөлүп берсе деле, ал жакка курулуш жасап, электр энергиясын тартып, суу алып барыш керек. Кароосуз калган иттердин баш калкалоочу жайын куруу деле кыйын. Бул боюнча айтып кайрылсам деле, буга жооп беришкен жок. Ал тургай иттериӊерди аткылап кетебиз деп чыгышты. Мен ар бир табыштан, ар бир көчөдөгү кыймылдан коркуп калдым. Менин жандыктарымды өлтүрүп кетишеби деп абдан корктум. Азыркы айыл өкмөт башчысы, кароосуз калган иттерди бакканга атайын жер бөлүп берүү боюнча пикирин айтып атат. Эмнегедир жергиликтүү кеӊештин депутаттары макул болбой жатат. Алар мага таштанды жайдан жер бөлүп берүүгө ниеттенип жатканын билдиришти. А мен таштанды жайда жашагым келбейт. Анан кайра эле жергиликтүү кеӊештин депутаттары чогулуп келип, «Элдешели, бир ынтымакка келели» дешет. А мен эмнени айтып жатам. Келгиле бир ынтымакта жаныбарларды коргойлу. Менин иттерим таза, дарыланган. Мен тескерисинче, көчөдө оорулуу, кир иттер жүргөнүнө каршы болуп, ар кандай оорулардын алдын алуу аракетин жасап жатпаймынбы. Жаныбарларды сүйүп, бакканды өнүккөн өлкөлөрдөн үйрөнсөк болот. Мени коркутуп, мага акыл үйрөткүлөрү келгендер окушсун, билим алышсын. Жаныбарлар адамдарды жакшы жакка үйрөтөт.

Алар сенин акчаӊ барбы, жокпу, айдаган унааң барбы же үйүӊ чоӊ-кичине экенидигине карабайт. Сенде эч нерсе жок болсо да, сени менен болот. Анан айрым кошуналардын иттери стерилизациялоодон өтпөй, жылда тууй берет. Алар көчөдө калат же ар кимден токмок жешет. Ал тургай күчүктөрү көбөйүп кетип, тирүүлөй көмүп салгандары да болот. Ар бир көчөдө калган иттин качандыр бир кезде кожоюуну болгон. Алар ооруганда, кереги жок болуп калганда, күчүк тууй бергенинен кожоюну тарабынан көчөгө кууп чыгарылган. Анан алар көчөдө көбөйүп, ар кандай ооруларды ташый башташат. Ал адамдар жоопкерчиликтен качып, иттин кууп чыгып коюшкан. А мен алардын таштаган иттерин чогултуп, тазалап, дарылап, стерилизациядан өткөрүп, багып жүрөм. Ар бир итим үчүн жооп берем», — деди ал.

Каарманыбыз өзү жана үй-бүлөсү тууралуу тааныштырып, айтуудан баш тартты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE