Пример HTML-страницы

Алайда Улуу Жибек жолунун айланасы тазаланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 10-июнда Ош облусунун Алай районунда республикалык ишембилик өттү. Бул тууралуу Гүлчө айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, ишембиликке райондун акими Каныбек Апбасов, анын орун басарлары Шерикбай Жапанов, Алтынбек Болбур уулу, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйөрбек Исаев баштаган райондогу мекеме-ишканалардын кызматкерлери, райондогу 14 айыл өкмөттөгү жергиликтүү тургундар катышты.

«Эл аралык маанидеги Улуу Жибек жолунун, Гүлчө дарыясынын жээктериндеги таштандыларды чогултуу, жол жээгиндеги тосмолорду актоо иштери активдүү жүрдү. Негизги иш Гүлчө айыл аймагында болду. Мында жолдорго кулаган таштар тазаланып, арыктар, ошондой эле мекеме-ишканалардын айланасы тазаланды», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE